Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Активист Марат Баязов милицияга жеткирилди


Жарандык активист Марат Баязов 26-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Эркин Сааданбеков билдирди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы Баязов массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп шектелип кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы жана активисттердин иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын маалымдады.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынган.

Жарандык коом жана айрым эл аралык уюмдар бийликти аларды бошотууга чакырууда.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG