Жалал-Абадда, Таласта Баткен окуясынын курмандыктары эскерилди

Жалал-Абадда Баткен окуясынын курмандыктары эскерилди. 26-октябрь, 2022-жыл.

26-октябрда Жалал-Абад шаарында Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына анын катышуучулары, калаа жетекчилиги жана апаатта каза болгондордун жакындары катышты.

Баткен согушунун ардагерлерине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн 20 миң сом акча жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Баткен коогасына Жалал-Абад шаарынан 84 жоокер барып, 12си курман болгон.

Ушул эле күнү Талас шаарында да Баткен согушунун курмандыктары эскерилди. Курман болгон жоокерлердин эстелигене гүлчамбар коюлуп, концерттик программа уюштурулду.

Талас шаары. 2022-жылдын 26-октябры


Баткен согушуна Талас облусунан 200дөн ашык жоокер барып, төртөө курман болгон.

«Өзбекстан ислам кыймылынын» (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 1999-2000-жылдагы кагылышуусу аяктаганына 26-сентябрда 22 жыл болду. Ал «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген ат менен тарыхта калды. Анда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. (TB/MtK)

Дагы караңыз

Орусия өзөктүк соккуну сынаган машыгуу өткөрдүМинск соту иликтөөчү журналист Сергей Сацюкту сегиз жылга кестиАктивист Марат Баязов милицияга жеткирилдиМинистрлик Кыргызстанда "Азаттыктын" сайтын эки айга жабуу тууралуу чечим чыгарды