Маргарита Симоньянга Арменияга кирүүгө тыюу салынды

Маргарита Симоньян

Армениянын бийлиги Орусиянын пропагандачыларынын бири, RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньянга өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу журналист өзүнүн Телеграм-каналына жазды. Еревандын мындай кадамынын себеби айтылган жок.

Симоньяндын айтымында, андай тыюу Мамлекеттик думанын депутаты Константин Затулинге да салынды. Эл өкүлү буга чейин ага Ереван бийлигинен кат келгенин, анда депутаттын Армениянын дарегине айткан сөздөрү эки мамлекеттин достук мамилелерин өнүктүрүүгө залака тийгизип жатканы белгиленгенин жазган.

Армян маалымат каражаттарынын маалыматтарына караганда, Затулин армян бийлигин Тоолуу Карабактагы 44 күндүк согушта утулгандыгы үчүн бир нече жолу айыптап келген. Мындан эки жыл мурун Азербайжан менен Армениянын бир айдан ашык уланган куралдуу тирешинен кийин кол коюлган келишимде Толуу Карабактын ири бөлүгү Бакуга кайтарылары айтылган. Армян оппозициясы буга нааразылыгын билдирип чыккан.

Симоньяндын күйөөсү, теле алып баруучу жана режиссер Тигран Кеосаян июнда казак Тышкы иштер министрлигинин "кара тизмесине” камтылган. Ал Ютуб каналында Казакстандын дарегине негативдүү сөздөрдү айтып келген.

Дагы караңыз

ИИМ жапырт кармалгандардын ишин тергөөгө эки айдай убакыт кетерин билдирдиДепутат Кадырбеков жапырт кармоо маселесинде бийликти этияттыкка үндөдүForeign Policy: Орусия согушка Ооганстандагы мурдагы аскерлерди тартууну көздөйтӨкмөт электр энергиясы үчүн "күн-түн" тарифин киргизүүнү пландоодо