Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Депутат Кадырбеков жапырт кармоо маселесинде бийликти этияттыкка үндөдү


Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы соңку кармоолорго байланыштуу пикирин билдирип, бийлик органдарын этияттыкка үндөдү.

Кармалган 20дан ашуун жарандын арасында өлкөнүн мекенчил уул-кыздары бар экенин белгилеп, буга чейинки бийликтин тушунда да ушундай окуялар болгонун мисал келтирди.

"Абайлаңыздар, азыр бийликте отургандарга да убагында ушундай эле жалаа жабылып, ушундай эле кине коюлган. Ошондой болуп калбайт деген кепилдик жок, бул кайтар дүйнө", - деди Кадырбеков.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков бул окуяны Кыргызстанда жарандардын эркиндигин буулушу катары сыпаттады.

Жогорку Кеңештин депутаттары 26-октябрда оппозициялык саясатчыларды жана активисттердин жапырт кармалып, камакка алынышына байланыштуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

Жыйынга келген ички иштер министринин орунбасары Эркебек Аширходжаев кармоолорго байланыштуу ишти иликтөө купуя жүргүзүлүп жатканын айтты. Башкы прокурордун орунбасары Турусбек Ишеналиев кармалгандарга карата козголгон кылмыш иши негиздүү экенин белгиледи.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, дээрлик баары эки айга камакка алынды. Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар буга чейин чогулуш өткөрүп, башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар акция өткөрүп, камалгандарды эркиндикке чыгаруу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Эл аралык Human Rights Watch уюму кармалгандарды бошотууга чакырды. Акыйкатчынын кеңсеси алардын абалына байкоо салып жатканын маалымдаган.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.(SE)

XS
SM
MD
LG