Машыгуу маалында учактын кулашынын чоо-жайын атайын комиссия иликтейт

Токмок шаары.

Авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учурда учактын кырсыкташынын себебин иликтөө үчүн комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңеште "Ишеним" фракциясынын жыйынында Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев билдирди:

"Мен кечээ учак кулаган видеону көрүп, анын себептерин аныктай алган жокмун. Кыймылдаткыч жана башкалары деле иштеп жаткан, эмнеге кулаган себебин азырынча айта албайбыз. Техникалык себептерден уламбы же учкучтун катасы болдубу, азыр айтуу эрте", - деди Настаев.

20-октябрда, Чүйдө авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учак кулап, эки адам жараат алганы кабарланган. Кырсык Токмоктун жака белиндеги Кызыл-Аскер айылындагы айыл чарба авиациясынын аэродромунда болгон. Учактагы эки адамдын биринин - буту сынган 22 жаштагы курсанттын абалы оор жана ал реанимацияда экенин Саламаттык сактоо министрлиги 21-октябрда кабарлады. Ал эми жанындагы инструктор башынан жараат алган. Экөө тең Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жатат. (КЕ)

Дагы караңыз

Баткен аба майданы ноябрдын соңунда ишке берилери айтылдыПарламент ЖК регламенти тууралуу мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алдыОкуучулар күзгү каникулга 31-октябрда тарайтКамактагы Алексей Навальныйга дагы бир кылмыш иши козголду