Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Камактагы Алексей Навальныйга дагы бир кылмыш иши козголду


Камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный.
Камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный.

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу билдирүү Навальныйдын социалдык тармактардагы баракчаларында 20-октябрда жарыяланды.

Маалыматка караганда, ага каршы террорчулукту пропагандалоо, экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу, экстремистик уюмду каржылоо сыяктуу айыптар тагылган.

Иш анын санаалаштарынын «Популярная политика» деген YouTube порталындагы каналына байланыштуу козголгон. Бул канал Орусияны эч себепсиз Украинага кол салганы үчүн сындап келет.

Навальныйдын билдирүүсүнө караганда, эгер ал күнөөлүү деп табылса жалпысынан 30 жыл абакта отурушу ыктымал.

Саясатчынын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду, саясий кыймылы жана ага байланыштуу топтордун баарын орус бийлик «экстремисттик уюмдардын» катарына кошуп, жоюп салган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше” ишине байланыштуу “шарттуу жазанын эрежелерин бузду” деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө “экстремизмге” байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары коюлган айыптарды саясий куугунтук деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG