Лиз Трасс Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кетти

Лиз Трасс.

Лиз Трасс 20-октябрда Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кеткенин жарыялады.

Аны бул кызматка 6-сентябрда ошол учурдагы британ ханышасы Елизавета II дайындаган.

Өкмөт башчылыктан 45 күндөн кийин бошогон Трасс өлкө тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды.

Ал премьер-министрликке консервативдик партиянын лидери болгондон кийин шайланган. Коомчулукта Трасстын салык реформасы жана кабыл алган чечимдери каржы каатчылыгына кептеди деген сындар күчөгөн.

Октябрда Британияда жүргүзүлгөн сурамжылоолордун бирине ылайык, элдин 67% өкмөттү компетентсиз деп эсептейт. BBC кабарлагандай, акыркы жумаларда консерваторлорго ишеним өлкөнүн социологиялык изилдөөлөрүнүн тарыхында рекорддук деңгээлге төмөндөдү.

Дагы караңыз

Украина электр энергиясын колдонууга чектөө киргизе баштайтЖК коргонууну жакшыртуу боюнча мыйзамды үч окууда кабыл алдыДепутат Улан Примов Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды