Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Депутат Улан Примов Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды


Улан Примов.
Улан Примов.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. 20-октябрдагы добуш берүүдө анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан " фракциясы көрсөттү, 70 депутат макул, бирөө каршы болду.

Башка фракциялар талапкер чыгарган жок.

Улан Примов Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округунан келген. Ал 12-октябрда парламенттин төрага орун басарлыгынан өз арызы менен кеткен. Мындай кадамын жаңы шайланган төрага менен бир фракциядан болгону үчүн деп түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин депутататтары бүгүн, 20-октябрдагы жыйынында Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды.

Мунун алдында спикер Нурланбек Шакиев Айдарбековду төрагалыктан чакыртып алуу тууралуу беш фракциянын чечими келип түшкөнүн билдирген.

Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу маселесинде парламентте талаш-талкуу жаралган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мындай учур ар бир депутаттын, комитет төрагасынын башына келе турганын айтса, эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев "комитет коллегиалдуу орган экенин, анын чечимдерине кол койбой коюусу жоопкерчиликтен качуу экенин" айтты.

10-октябрда аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Айдарбеков келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, муну тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу өткөн курултайда депутат Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын айткан.

18-октябрда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылы билдирүү таратып, Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт.

Суу сактагычты сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөйт. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG