Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:30

Украина электр энергиясын колдонууга чектөө киргизе баштайт


Украина
Украина

Украина 20-октябрдан тарта Орусия басып алгандан бери биринчи жолу электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизе баштайт.

Чектөөлөр өлкөнүн бардык аймагында болорун "Укрэнерго" компаниясы жана президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко билдирди.

Бийлик мындай кадамга Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына акыркы мезгилде күн сайын жасалып жаткан ракеталык соккуларынын кесепетинен улам барууда.

Москва соңку он күндөн бери украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруп жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган Shahed 136 деп аталган жанкечти дрондорун колдонууда. Тегеран болсо Москвага дрон сатканын четке кагууда.

Мурдараак президент Зеленский Орусиянын соккуларынан электр тармактарынын 30% зыянга учураганын айткан.

XS
SM
MD
LG