Тегерандагы Эвин түрмөсүндөгү өрттөн каза болгондор сегизге жетти

Эвин түрмөсү өрттөн кийин. Тегеран, 16-октябрь, 2022-жыл

Ирандын сот бийлигине таандык «Мизан» кабар агенттиги Тегерандагы Эвин түрмөсүндө чыккан өрттөн каза болгондордун саны өсүп, кеминде сегиз кишиге жеткенин билдирди. Маалыматка караганда, набыт болгондордун бардыгы уурулук үчүн кесилгендер.

Активисттер саясий туткундар, өкмөткө каршы акцияларда кармалгандар жана чет өлкөлүк жарандар да отурган абактагы өрт бекеринен чыккан жок деп эсептешет. 2018-жылы АКШ Эвинди “адам укуктары одоно бузулган жай” деген "кара тизмеге" киргизген.

Мамлекеттик маалымат каражаттары адегенде тогуз кишинин жарадар болгонун кабарлаган, бирок "Мизан" 16-октябрда иске ууланган төрт киши каза тапканын, 61и жараат алганын жазды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы маалымдагандай, 15-октябрда абакта козголоң чыккан.

Ал эми Тегерандын губернатору Мохсен Мансури “өрт туткундар ортосунда мушташ чыкканда тутанганын” билдирди.

Социалдык тармактарда абакта жарылуулардын добушу угулган, өрттүн себептери башка болушу мүмкүн деген видеолор тарап жатат.

Европа биримдиги окуяга камтамасын билдирип, өрттүн себептерин жашырбоого чакырды.

Ал арада АКШ президенти Жо Байден беш жумадан бери тынчыбай келаткан демонстрацияларга колдоосун айткандан кийин Ирандын президенти Ибрахим Раиси Вашингтонду "башаламандыкты козутуп жатат" деп айыптады.

Ислам жумуриятында 16-сентябрда хижабды кийүү эрежесин бузду деп айыпталган студент Махса Амини убактылуу кармоочу жайда каза тапкандан кийин өкмөткө каршы акциялар тутанган.

Дагы караңыз

Сузак: селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө жаңы турак жай курулду Боомдо жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет"Бакиевге парламент депутаттары катуу кызмат кылган"​Роза Отунбаева талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри менен жолукту