Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Роза Отунбаева талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри менен жолукту


Роза Отунбаева жана Амир Хан Муттаки, 16-октябрь, 2022
Роза Отунбаева жана Амир Хан Муттаки, 16-октябрь, 2022

16-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын чабарманы жана БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева Кабулдагы талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолукту. Бул Отунбаеванын кызматка баргандан кийинки алгачкы жолугушуусу.

БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын Твиттердеги расмий баракчасында Отунбаева менен Муттаки кызматташтыктын бир топ багыттарын талкуулаганы жазылган.

"Өз ара ишенимди жаратуу, банк системасы, билим берүү жана анын кыздарга дагы жеткиликтүү болуусу талкууланды. Алар өз ара пикир келишпестиктерди моюнга алышты, бирок Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн эл аралык коомчулук менен жакындашуу маселесинде бир пикирге келишти", - деп айтылат миссиянын билдирүүсүндө.

2-сентябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы кылып дайындаган. Буга чейин бул кызматты Дебора Лайонс аркалаган.

Ооганстанда 2021-жылдын августунда Кабулда өкмөттү кулатып, бийликти ээлеп алган “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) аялдардын укуктарын чектеген эрежелерди киргизген. Кыз-келиндер бети-башын жапкан кийим-кече кийип жүрүүгө милдеттүү, эркек тууганынын гана коштоосунда жол жүрө алат.

Быйыл жазында талибдердин Билим берүү министрлиги кыздар да мектепке бара аларын жарыялаган. Бирок эртеси эле мекеме өз чечимин өзгөртүп, окуучу кыздардын мектепте билим алуусун чектеп койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG