Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Боомдо жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет


Боом капчыгайында таш кулатуу учуру. (архивдик сүрөт)
Боом капчыгайында таш кулатуу учуру. (архивдик сүрөт)

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 17-21-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымы (Боом капчыгайы) саат 9:00дан 15:00кө чейин убактылуу жабыларын билдирди.

Бул убакыт аралыгында аталган аймакта жолдун боюндагы кооптуу таштар түшүрүлүп, тазаланат.

Таш кулатуу учурунда жолдун бир тарабы жабык болот. 30-40 машине чогулган сайын иш убактылуу токтотулуп, машинелер өткөрүлүп турат.

Кооптуу таштарды кулатуу иштери өткөн аптада Бишкек-Торугарт жолунун 129-чакырымында жүргүзүлгөн.

Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштыруучу негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгайы аркылуу өтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG