“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 17-21-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымы (Боом капчыгайы) саат 9:00дан 15:00кө чейин убактылуу жабыларын билдирди.
Бул убакыт аралыгында аталган аймакта жолдун боюндагы кооптуу таштар түшүрүлүп, тазаланат.
Таш кулатуу учурунда жолдун бир тарабы жабык болот. 30-40 машине чогулган сайын иш убактылуу токтотулуп, машинелер өткөрүлүп турат.
Кооптуу таштарды кулатуу иштери өткөн аптада Бишкек-Торугарт жолунун 129-чакырымында жүргүзүлгөн.
Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштыруучу негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгайы аркылуу өтөт.(ZKo)
Дагы караңыз
Роза Отунбаева талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри менен жолуктуCOVID-19: өткөн аптада 84 адамдан вирус аныкталдыОктябрда 735 миңден ашуун жарандын пенсиясы көбөйдүИранда саясий туткундар кармалган абакта өрт чыгып, төрт киши набыт болдуОрусияда аскер комиссариаттарына кол салуу күчөдүУкук коргоочу Камил Рузиев Жогорку сотко кайрылдыБеларуска тогуз миңдей орус аскери жайгаштырылат