Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Иранда саясий туткундар кармалган абакта өрт чыгып, төрт киши набыт болду


Тегерандагы саясий туткундар жана оппозициячыл ишмерлер отурган түрмөдө өрт чыгып, төрт киши набыт болуп, 61 киши жараат алган. Бул тууралуу 16-октябрда Ирандын сот бийлигине таандык Mizan.news сайты кабарлады.

Эвин түрмөсүндө жүздөгөн киши кармалып турат. Иран бийлиги өрттүн себебин так айткан жок. Ага абактагыларды күнөөлөдү. Абак жайдын өрттөнүп жатканы тууралуу кабарлар 15-октябрда кечинде чыкты. Күбөлөр абактан атышуулар жана жарылуулардын добуштары угулганын айтууда.

Иранда хижабсыз жүргөнү үчүн кармалып, өлтүрүлгөн 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин башталган нааразылык өлкөнүн 80 шаарында тутанып, демонстрациялар беш жумадан бери токтой элек.

16-октябрда бир нече университеттерде, анын ичинде Тебризде жана Раштта демонстрациялар болуп өттү. Толкундоолорду басууга полициянын атайын бөлүгү тартылды. Соцтармактардагы тасмаларда демонстрацияга чыккан студенттер "Иран түрмөгө айланды, Эвин касапкана болуп калды", деп кыйкырып жатышканы көрүнөт.

Эл аралык уюмдардын билдирүүсүнө караганда, тополоңду күч менен басууда 200дөн ашуун киши каза болгон. Алардын 23ү балдар.

Тестиерлер полициянын огунан жана ур-токмогунан жан таслим болушкан.

Иран бийлигинин мындай кадамдарын эл аралык коомчулук кескин айыптады. Эл аралык Мунапыс уюму (AI) Ирандагы кармоолорду "ырайымсыз репрессия" деп атады.

XS
SM
MD
LG