10-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда 84 адам коронавирусун жуктурганы расмий тастыкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мекеменин маалыматына караганда, 12 адам ооруканага жаткырылып, 72 бейтап үйүнөн дарыланууда.
"Өлкөдөгү бардык облустар жашыл аймакта, кооптонууга негиз жок", - деп жазылган маалыматта.
2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда 21 586 адам коронавируска чалдыкты.
Учурда коронавируска каршы бустердик эмдөөнү күчөтүү үчүн 90 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Бустердик эмдөөнү мындан үч-төрт ай мурда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын баары алса болот. Учурда өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналарынын запасы жетиштүү экени айтылды.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,3 миллиондон көп адам толук эмделди. Вакцинанын бир дозасы 1,6 миллиондон ашык адамга сайылды.
Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери 21 412 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. Үч миңдей бейтап оорудан көз жумган. (ZKo)
Дагы караңыз
Кытай лидери Бээжин аскердик кубатын бекемдерин билдирдиИранда саясий туткундар кармалган абакта өрт чыгып, төрт киши набыт болдуОрусияда аскер комиссариаттарына кол салуу күчөдүУкук коргоочу Камил Рузиев Жогорку сотко кайрылдыПакистан ТИМи Вашингтондун Исламабаддагы элчисин чакырттыМобилизация: полигондогу атышуу ондон ашык кишинин өмүрүн алды "Бакиевге парламент депутаттары катуу кызмат кылган"ӨКМ: Баткенде 4 миңдей жаран жашаган жерине кайта элек