Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:29

Пакистан ТИМи Вашингтондун Исламабаддагы элчисин чакыртты


Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари.
Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Жо Байдендин билдирүүсүнө байланыштуу Вашингтондун Исламабаддагы элчисин чакыртты.

Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари 16-октябрда Карачидеги маалымат жыйында билдирди.

Ал эми Мамлекеттик департамент бул тууралуу "Рейтерске" комментарий берип, Кошмо Штаттардын өкүлдөрү Пакистандын расмий адамдары менен дайыма жолугуп турарын билдирди.

Байден 14-октябрда Демократиялык партиянын иш-чарасында сүйлөп жатып, Украинадагы согуш, Кытай лидери Си Цзиньпин тууралуу кеп козгогон. Ал ошондой эле Пакистан кооптуу мамлекеттердин катарына кирерин айтып, буга анын өзөктүк куралынын коопсуз сакталбастыгын мисал келтирген.

Зардари Пакистандын өзөктүк активдери Эл аралык атом энергетикасы боюнча агенттиктин стандарттарына ылайык сакталарын билдирди. Ал ошондой эле Исламабад Вашингтон менен касташууну көздөбөстүгүн, тескерисинче «АКШ менен кызматташууга дилгир экенин» кошумчалады.

Вашингтонду Пакистандын Кытай менен соңку кездердеги тыгыз мамилеси бир аз кооптондууда. Ак үй Кытай Пакистанды карызга белчесинен батырып кетерин эскертип келет. Анткен менен Пакистан мындай эскертүүлөрдү четке каккан.

XS
SM
MD
LG