Октябрь айында Кыргызстанда 735 миң 900 жарандын пенсиясы көбөйдү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу 17-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, пенсияны көбөйтүү үчүн жалпысынан 4 млрд. 424 млн. 300 миң сом зарыл болчу.
"Мунун ичинен базалык бөлүгү үчүн 3 млрд. 83 млн. сом республикалык бюджеттен, камсыздоо бөлүгү үчүн 1 млрд. 341 млн. 3 миң сом пенсиялык фонддон төлөндү", - деди Улан Жума уулу.
1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия 33% көбөйгөн. Базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго жетти.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин маалыматына караганда, өлкөдө мамлекеттен пенсия алган ардагерлердин саны 713 миңдин айланасында. Алардан тышкары майыптыгына байланыштуу, Ооган согушунун катышуучулары, чернобылчылар жана багуучусунан ажыраганы үчүн пенсия алгандар бар. Алиевдин маалыматы боюнча учурда орточо пенсия 6186 сомду түзөт.
17-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети Социалдык фонддун 2021-жылкы бюджетинин аткарылышы боюнча баяндамасын жактырды.(ZKo)
Дагы караңыз
Кытай лидери Бээжин аскердик кубатын бекемдерин билдирдиИранда саясий туткундар кармалган абакта өрт чыгып, төрт киши набыт болдуОрусияда аскер комиссариаттарына кол салуу күчөдүУкук коргоочу Камил Рузиев Жогорку сотко кайрылдыБеларуска тогуз миңдей орус аскери жайгаштырылатПакистан ТИМи Вашингтондун Исламабаддагы элчисин чакыртты