Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, 16-октябрда орус армиясы жалпысынан 30дай шаар-кыштакты абадан аткылоону улантты.
Ал арада Донецк жана Луганск облустарында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын украин президенти Владимир Зеленский 16-октябрга караган түнү билдирди.
"Кырдаал оор. Баарынан да Бахмут багытында кырчылдашкан салгылашуулар жүрүп жатат. Мурдагыдай эле позицияларыбызды кармап турабыз",- деди ал.
Маалыматка караганда, орус күчтөрү Бахмут жана Авдеевка шаарларын танк, миномет жана реактивдүү артиллерия менен аткылоодо. Ушул тапта Авдеевканын жанындагы Опытное кыштагы үчүн күрөш жүрүп жатат.
Буга чейин украин күчтөрү соңку бир айда 600дөй калктуу конушту орус армиясынан тазалаганын билдиришкен.
Дагы караңыз
ӨКМ: Баткенде 4 миңдей жаран жашаган жерине кайта элекБелгород: ыктыярчыларды согушка даярдаган полигондогу атышууда 11 адам каза болдуРоза Отунбаева талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри менен жолукту