Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Белгород: ыктыярчыларды согушка даярдаган полигондогу атышууда 11 адам каза болду


Орусиянын Коргоо министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны экени айтылган эки адам Белгород облусундагы аскердик полигондо элге ок чыгарганын билдирди. Натыйжада 15 адам жабыркап, 11 адам каза болгон. Коргоо министрлиги окуяны теракт деп атады.

Мекеменин маалыматына караганда, атышуу Украинадагы согушка барууну чечкен ыктыярчылардын машыгуусу учурунда болгон. Кол салган эки киши жок кылынды.

Адам өлүмүнө алып келген атышуу тууралуу "База" басылмасы биринчи болуп кабарлады. SOTA Телеграмм-каналынын ырастоосунда, атышуу Солоти айылындагы ок атуучу полигондо болгон. Ал жерде лагерь жайгашкан, анда Украинадагы согушка баруудан баш тарткан Брянск облусунан мобилизацияланган 100дөн ашуун адам бар. Mash басылмасынын маалыматына караганда, атышуудан Брянск облусунун ыктыярчылары каза болушкан.

“База” таңкы саат 10дор чамасында атышуу болгонун, бирок маалымат кечинде белгилүү болгонун жазды. Жабырлануучулар Валуйск райондук борбордук ооруканасына жеткирилген. Алардын кеминде экөөнүн бутуна ок тийип, дагы бир жабырлануучу көкүрөгүнөн жаракат алган.

SOTAнын атын атабаган булагы атышууда 22 адам каза болуп, 16 киши жараат алганын билдирген. Ал кол салгандар үчөө болгонун, бирөө изин жашырып кеткенин айткан. Аталган басылманын жазганына караганда, бул маалыматтарды айтып берген булак ошол учурда полигондо болгон.

Күйөөсү Белгород облусундагы полигондо экенин айткан Петербургдун жашоочусу "Север.Реалии" басылмасына кол салгандар үчөө болушу ыктымалдыгын, бирөө качып кеткенин айтып берген.

Окуянын себептери белгисиз.

Орусияда мобилизация 21-сентябрда жарыяланган. Ок атуучу полигондордо мобилизация болгондордон 10дон ашык өлүмү катталган, бирок ок атылып, көп сандагы адамдын өлүмүнө алып келген учур мобилизация башталгандан бери биринчи жолу болду.

XS
SM
MD
LG