АКШ Украинага дагы 725 миллион долларга аскердик жардам берет

Жо Байден.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден АКШнын коргонуу бюджетинен Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармагына жардам берүү үчүн 725 миллион доллар бөлүүнү тапшырды.

Жаңы жардам пакетине аскердик техника жана ок-дарылар, анын ичинде HARM жогорку ылдамдыктагы радарга каршы ракеталары, HIMARS системалары үчүн кошумча жабдуулар, ок атуучу куралдар жана эки миллиондон ашык ок-дарылар кирет. Мындан тышкары, АКШ Украинага медициналык буюмдарды жөнөтүп, аскердик машыгууга көмөктөшөт.

АКШнын расмий өкүлүнүн Reuters агенттигине билдиргенине караганда, кийинки жардамдын пакети Украинанын куралдуу күчтөрүнө контрчабуулдарды колдоо үчүн берилет. Украин президентинин кеңсесинин айтымында, өлкө армиясы контрчабуулдар учурунда 1620 калктуу конушту бошоткон.

2022-жылдын башынан бери АКШ Украинага 50 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн, анын дээрлик 27 миллиард доллары түздөн-түз аскерий муктаждыктар үчүн берилген.

Буга чейин АКШ, Европа өлкөлөрү, Жапония жана Австралия Украинага миллиарддаган долларга аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөткөн. Украинага жардам берүү жагынан АКШдан кийин Улуу Британия, Германия, Канада жана Польша турат.

Буга чейин Орусия Батыш өлкөлөрүнүн Украинага көрсөткөн жардамы боюнча бир нече жолу комментарий беришкен. Алардын пикири боюнча, Украинага курал жеткирүү менен НАТО “от менен ойноп жатат” жана мындай мыйзамдардын кабыл алынышы “тескери таасирин тийгизет”. Ошондой эле Орусия Украинага курал-жарак жеткирип жаткандыктан, АКШ баш болгон бир катар өлкөлөргө мындай аракеттерди айыптаган нота жөнөткөн.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад: чогулгандар президенттин өкүлү Жамалдиновду сүйлөтпөй коюштуӨзгөндө курултай өтүп жаткан жерге кичи автобустар киргизилген жокӨзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча курултай өтүп жататАстана: Рахмон Путинди Борбор Азия өлкөлөрүн "сыйлоого" үндөдүЭлчи Украинадан эвакуация болгондор кайра кайтып барганын билдирди