Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Өзгөндө курултай өтүп жаткан жерге кичи автобустар киргизилген жок


Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча курултай. 15-октябрь, 2022. Өзгөн.
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча курултай. 15-октябрь, 2022. Өзгөн.

Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өтө турган жерге жүргүнчү ташыган кичи автобустар киргизилген жок. Өзүн Рустам Каныбаев деп тааныштырган жол коопсуздук кызматкери буга автоунаалардын каттамга чыгууга тийиштүү документтеринин жоктугу менен түшүндүрдү.

"Жүргүнчү ташыган транспорт ошол күндөгү каттамы боюнча уруксат алышы керек. Машина кароодон өтүп, белгиленген жерге барса болот деген уруксат берилет. Айдоочулар күндө эртең менен наркологиялык бөлүмдүн текшерүүсүнөн өтүш керек, спирттик ичимдик ичпегенин тактап, ушул каттамда каттайт деген кагаз берет. Ошол кагаздарды гана сурап жатабыз", - деди инспектор.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайга миңдей киши катышууда. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын айтымында, сөз алып сүйлөгөндөр Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы экенин айтып жатышат.

Курултайга катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Аймен Касенов, Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Мамбетжунус Абылов, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Тилекмат Куренов, Атай Бейшенбек, Айбек Мырза, Канат Хасанов, Канышай Мамыркулова, Рита Карасартова барышкан.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов дагы ошол жерде жүрөт.

Айрым басылмалар курултайды түз алып көрсөтүүдө.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган.

Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG