Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Элчи Украинадан эвакуация болгондор кайра кайтып барганын билдирди


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов согуш башталган учурда эвакуация болгондор кайта барып, бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны 140ка жеткенин жазды.

Анын Фейсбук баракчасына жазганына караганда, алар абал курчуган учурда кайрадан бул өлкөдөн чыгарууну өтүнүп жатат. Элчи кыргызстандыктарды өмүрүн тобокелге салуудан оолак болууга жана абал толук турукташканга чейин Украинага кайтпай турууга чакырууда.

"Эки өлкөнүн аскердик кагылышуусунан улам жаз-жай мезгили биздин жарандарыбызды эвакуациялоо менен коштолду. Жумушубуздун басымдуу бөлүгү дал ушул эвакуация болгон. Мындай иш-чарага албетте аз эмес мээнет жана материалдык чыгымдар да коротулган. Натыйжада жалпысынан миңден ашуун жарандарыбыз Украинадан чыгарылып, 50гө чукул адам бул жерде калган. Эки өлкө ортосундагы аскердик кагылышуу токтоп, жашоо өз нугуна түшкөнчө эвакуацияланган жарандарыбыздан бул жерге кайтпай турууну өтүнгөнбүз. Тилекке каршы ошол кезде эвакуацияланган айрым мекендештерибиз кайра келип алышты. Азыр биздин жарандардын жалпы саны 140ка жетти. 10-октябрда ракеттик-бомбалык соккулар күчөгөндө айрымдары эми кайтадан “бизди бул жерден Кыргызстанга чыгарып кеткиле” дешүүдө", - деп жазган Кадыркулов.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор бир нече миллиондон ашты.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзгөн. Тышкы иштер министрлиги жарандарды коопсуз жайга чыгаруу үчүн атайын учак уюштурган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG