Оккупацияланган аймактарды реинтеграциялоо министрлиги акыркы бир ай ичинде украин аскерлери 600дөн ашуун калктуу конуштарды бошотконун маалымдады. Мекеме ошол эле учурда Москванын ондогон шаарларга соккусунан бир катар жай тургундар мерт болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-октябрда кечке жуук Украинанын аскерлери Харьков облусунда 502 калктуу конушту бошотуп, Херсон облусунда 75 кыштакты кайтарып алган. "Бошотулган украин аймактарынын аянты кыйла көбөйдү", - деп жазылган билдирүүдө.
Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн болгон жок.
Британиянын Коргоо министрлиги 14-октябрдагы күндөлүк чалгындоо бюллетенинде акыркы үч күндө орусиячыл күчтөр Донецк чөлкөмүнүн чыгышындагы Бахмут шаарынын борборун көздөй тактикалык жылыштарды жасаганын билдирди.
Президент Владимир Зеленский 13-октябрда кечке жуук түнкү видео кайрылуусунда Бахмутта “ырайымсыз” салгылашуулар уланып жатканын айтты. Ал украиналыктарды 14-октябрда - Украинаны коргоочулар күнү белгиленип жаткан күнү орусиялык чабуулдардан өзгөчө этият болууга чакырды.
Дагы караңыз
Бишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган жүрүш уюштурулду (видео)Бишкекте эркин медианы колдогондор жүрүшкө чыктыПрезидент Жапаров КМШ Мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышуудаМосква пайдасын көргөн, Бишкек зыянын тарткан уюм Ирандын башкы судьясы демонстранттарга катаал чара көрүүнү буйруду“Медиа полиси” "Азаттыкка" каршы акцияны системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп мүнөздөдү