Бишкектин Октябрь райондук сотунун сот аткаруучулар мекемесинин Оптима банктагы депозиттик эсебинен 2 млн. 965 миң 800 сом мыйзамсыз алынганын Башкы прокуратура 10-октябрда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, аталган райондук прокуратура бул сумманы сот аткаруучулар менчиктеп алганын аныктаган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Жогорку сот жана тиешелүү органдар Башкы прокуратуранын маалыматына комментарий бере элек.
Дагы караңыз
Иранда нааразылык акцияларына мунай өндүрүүчүлөр кошулду"Мобилизация: армияны же түрмөнү танда"Катар Кыргызстанга эки ГЭС курууга даяр экенин билдирди ЖК комитетинин чек ара боюнча жыйыны депутаттардын нааразылыгын жараттыӨзгөндө чек арага байланыштуу нааразылык акциясы өтүүдөУкраинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урулду