Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:26

Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урулду


Киевге урулган сокку.
Киевге урулган сокку.

Дүйшөмбүнүн таңында Орусиянын күчтөрү Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урду. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Николаев баштаган ондогон шаарларга аткылоо болгону кабарланды.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко билдиргендей, шаарда кеминде беш жарылуу катталды. Анын ичинде шаардын борбордук Шевченко району бутага алынды. Ички иштер министринин кеңешчиси Ростислав Смирнов кеминде 10 чакты адам өлгөнүн билдирди. Каза болгондор мындан көп болушу мүмкүн.

Интернетке тараган видеолордо көрүнүп тургандай, ракеталардын бири украин борборундагы жөө жүргүнчүлөрдүн көпүрөсүнө тийген. Борбордук Владимир көчөсүнө түшкөн ракетадан бир нече автоунаа өрттөндү. Киевдин жылуулук электр борбору да жабыр тартканы айтылды. Метро токтотулду, жарандар бомбадан баш калкалоо үчүн киришти.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдөгү соңку соккуларды Телеграм каналында каомментарийлеп, өлгөндөр жана жаракат алгандар көп экенин айтты. Ал жарандарды мүмкүн болушунча коопсуз жайга жашынууга чакырды.

Калган шаарлардагы жарылуулардан электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатат. Львов облусунун бийлиги соккулар энергетикалык инфратүзүмдүн объектилерине тийгенин ырастады. Айрым жерлерде темир жол бекеттери талкаланды.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин муну үчүн Украинанын атайын кызматтарын айыптаган. Мурдараак Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Крым көпүрөсүнө жооп чара катары, катуу сокку уруларын айткан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG