Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

ЖК комитетинин чек ара боюнча жыйыны депутаттардын нааразылыгын жаратты


ЖК депутаттары Мирлан Самыйкожо жана Максат Сарбагышев. 10-октябрь, 2022-жыл.
ЖК депутаттары Мирлан Самыйкожо жана Максат Сарбагышев. 10-октябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун карай баштады. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда. Парламенттеги жыйындын алдында ал журналисттерге комментарий берип, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кол коюлган протоколдорду ачыктала турганын айтты. Ошол эле учурда бул жыйынды видео, аудиого жаздырууга тыюу салынганын кошумчалады.

"Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кол коюлган протоколдорду ачыктап, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин долбоорун даярдап комитеттен өткөргөнү жатабыз. Мунун баарын коомчулук менен кошо талкуулайлы деген оюбуз бар. Ошол кезде камера, телефондорду алып кирбестен, үндү жаздырбастан каалаган адам кирсе болот. Каалаган депутаттар, журналисттер, блогер, коомдук ишмерлер катыша алат. Азыр жазуу же тартуу иретинде таратпай туруу шарт болуп жатат, азырынча тыюу салынат", - деди Ташиев.


Буга нааразы депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Максат Сарбагышев муну басмырлоо катары сыппаттады.

"Президент кечээ ачык өтөт деп айтып жатат. Хандын сөзү айртка кайтарылбаш керек, уят болот андай. Кудай урбадыбы, бул деген эл шайлап келген депутат. Ушинтип жаап койобу, анда кирбей эле койсун депутаттар",- деди Самыйкожо.

Көп өтпөй жыйын Жогорку Кеңештин Ютуб каналында көрсөтүлө баштады. Ага аталган депутаттар дагы катышууда.

"Азаттыктын" кабарчысына "жыйынга камера, телефон, диктофон, ноутбук алып киргенге болбойт деген буйрук келгенин" айтышкан. Буга чейин Парламенттин басма сөз катчысы Эркин Каимов бул Жогорку Кеңештин чечими экенин билдирип, "маанилүү маселе каралып жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынганын" айткан.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрдагы парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG