Кыргызстан быйыл кышында да сырттан электр энергиясын сатып аларын бүгүн 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал Токтогул суу сактагычында азыркы кезде 13,6 миллиард куб метр суу бар экенин, былтыр 1-октябрда бул көрсөкүч 12,3 миллиард болгонун айтты:
“Электр энергиясына болгон суроо-талапты эске алып импортту токтоткон жокпуз. Анткени кышында суроо-талап эселеп өсөт. Андан тышкары экологиялык категориялар да бар – жаңы ачылган завод-фабрикалар. Ошондуктан “импортту четке кагабыз” деген деңгээлге жете элекпиз”.
Кыргызстанда кышка карата сүйлөшүүлөр эми гана жүргүзүлө баштады. Электр энергиясын камдоо боюнча эч кандай келишим түзүлө элек, бирок керектөөнүн өсүшүн эске алуу менен жарыкты мурдагыдан да көп импорттоо мерчемделип жатат. (RK)
Дагы караңыз
Деңиз алдындагы “Түндүк агым” газ куурунан төртүнчү тешик аныкталдыӨзгөндө жүздөй адам Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулдуУКМК Алтынбек Сулаймановдун кармалганын четке какты30-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт