Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Деңиз алдындагы “Түндүк агым” газ куурунан төртүнчү тешик аныкталды


"Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын шарттуу картасы.
"Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын шарттуу картасы.

Швециянын Жээктеги сакчы кызматы Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” газ куурларынын системаларынан дагы бир жыртыкты аныктап чыкты. Евробиримдик жана Орусия муну диверсиянын кесепети деп атап жатышат, ошентсе да эч бир тарапты айыптай элек.

Aftonbladet жана Svenska Dagbladet швед басылмалары кабарлагандай, төртүнчү тешик Швециянын эксклюзивдик экономикалык аймагына туура келет. Анда келтирилген залал мурдагы табылган үч жыртыкка салыштырмалуу чаканыраак экени айтылды. Адистер жылчыктар аркылуу куурларга деңиз суусу кирип, туз каптап кеткендиктен долбоор биротоло жарактан чыгып калышы мүмкүн экендигин айтып жатышат.

Орусия газды Европага Беларус менен Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү "Түндүк агым-1" куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары "Түндүк агым-2" долбоорун курган. Экинчи линиянын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн. Быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Германия экинчи долбоорду ишке салууну токтотуп койгон.

26-сентябрда "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурлары жарылып, сууга газ атылып чыккан. Деңиздин куур өткөн бөлүгүн көзөмөлдөгөн Швеция менен Дания бул атайылап жардырылган болушу мүмкүн деп жарыялады. Германия, Улуу Британия да ушундай жүйөнү карманууда.

Баштапкы иликтөөлөрдө бул жерге жарылуучу заттарды суучулдар таштап кетип, кийин аралыктан жардырышы ыктымал деп айтылды. Der Tagesspiegel басылмасы жазгандай, немис атайын кызматтары жардырууларды уюштурууга Орусиядан, же Украинадан, украинчил күчтөрдөн күмөн санап жатат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо аварияга АКШнын тиешеси болушу мүмкүн деген кыйытма билдирүү таратты. Пентагондун өкүлү Reuters агенттигине берген комментарийинде, бул ишке Кошмо Штаттардын таптакыр тиешеси жок экенин маалымдады. Вашингтон иликтөө иштери бүткөндөн кийин гана бүтүм чыгарууга чакырууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG