Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Өзгөндө жүздөй адам Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулду


Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 2022-жылдын 29-сентябры.
Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 2022-жылдын 29-сентябры.

Бүгүн, 29-сентябрда Өзгөндө "Кемпир-Абад" маселесине байланыштуу 100дөй адам чогулду. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар суу сактагычтын жери коңшу мамлекетке өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип, эки тараптуу соңку келишимдердин мазмунун ачыкка чыгарууну талап кылышты. Талаптарын президентке жана парламентке жолдошту.

Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 2022-жылдын 29-сентябры.
Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 2022-жылдын 29-сентябры.

2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 2022-жылдын 29-сентябры.
Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 2022-жылдын 29-сентябры.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.

Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, "Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. "Кемпир-Абадды" бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз", - деген. (AAb)

XS
SM
MD
LG