Жогорку Кеңеш чек арадагы жаңжал боюнча эл аралык уюмдарга кайрылат

Калабадан кийинки көрүнүш. Баткен облусундагы Достук айылы.

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине жана башка эл аралык уюмдарга кайрылуу жөнөтүү чечимин кабыл алды. Депутаттар тийиштүү чечимге парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында добуш беришти.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кайрылуунун текстин аталган комитет даярдаганын билдирди.

"Бул Жогорку Кеңештин БУУнун Коопсуздук Кеңешине жана башка уюмдарга Тажикстандын Кыргызстанга жасаган куралдуу агрессиясы боюнча кайрылуусу", - деп белгиледи депутат.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле мазмунда Бишкекти айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (SE)

Дагы караңыз

Кыргызстан азырынча электрди импорттоодон баш тарта албай турганы айтылдыДеңиз алдындагы “Түндүк агым” газ куурунан төртүнчү тешик аныкталдыӨзгөндө жүздөй адам Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулдуУКМК Алтынбек Сулаймановдун кармалганын четке какты