Ошто Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленди

Ош шаары. 

Гапар Айтиевдин кичи мекени Төлөйкөн айылында өткөрүлгөн иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана сүрөтчүнүн туугандары катышты.

Алгач анын эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окулду.

Коноктор Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи менен таанышты.

Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчүлөр арасында Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Гапар Айтиевдин жана сүрөтчүлөрдүн тарткан сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун атынан сыйлыктар тапшырылды.

Гапар Айтиев 1912-жылдын 28-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн кыштагында төрөлгөн. Кыргыздын туңгуч кесипкөй сүрөтчүсү, ошондой эле пейзаж жанрынын негиздөөчүсү. (AAb)

Дагы караңыз

Евробиримдик Болот Темировду актаган сот чечимин кубаттады Викрам Рузахунов аны кыйнаган полиция кызматкерлерин тааныганын айтты Деңиз алдындагы “Түндүк агым” газ куурунан төртүнчү тешик аныкталды