Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Викрам Рузахунов аны кыйнаган полиция кызматкерлерин тааныганын айтты


Викрам Рузиев.
Викрам Рузиев.

Кыргызстандык музыкант, Казакстандагы Январь окуяларында сабалган Викрам Рузахунов жабырлануучу катары Алматыда көрсөтмө берди. Ал Инстаграмдагы баракчасына соңку эки күнү эртеден кечке Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына барып сурак бергенин, аны полиция жана аскер кызматкерлери кыйнаган жерлерди көрсөтүп, ур-токмокко кабылган окуяны баштан-аяк баяндаганын жазды.

"Алматы облусундагы полиция департаментинин кыйноого шектүү кызматкерлерин аныктоо болду. Сүрөттөгү 348 адамдын ичинен 10дон ашыгын тааныдым. Алдыда алар менен мени беттештирүү иштери турат. Тергөө уланууда" , - деп билдирди.

Июль айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакырып, маалымат алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган. Анда 2022-жылдын 10-февралынан тартып Алматы облустук коррупцияга каршы департаменти Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Адамдар тобу тарабынан жасалган кыйноо") музыкантты кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарынын азырынча аныктала элек кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы белгилүү болгон. 19-февралда тергөө Рузахуновду жабырлануучу деп тааныган.

Быйыл январда Казакстандагы нааразылык акциялары маалында Викрам Рузахунов Кыргызстанга келаткан маалда коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан кармалып, сабалган. Анын видео кайрылуусу чоң резонанс жаратып, кийин камактан бошотулган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жаракат алганын тастыкташкан.

XS
SM
MD
LG