Бурятияда резервдеги адамдарга 22-сентябрга караган түнү массалык түрдө аскерге чакыруу таратылып, көпчүлүгү түз эле комиссариаттарга алынып кетти. Бул тууралуу “Эркин Европа\ Азаттык радиосунун” “Север.Реалии” долбоору кабарлады.
Медиа "Свободная Бурятия" телеграм-каналына таянып жазгандай, айылдарда эркектерди жапырт кармап, алып кетип жатышат. 5 миңдей адам жашаган бир эле Курумкан деген айылда 700 адамга аскерге чакыруу берилди. Аларга да кагаздар түнкүсүн таратылган.
Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарында да комиссарлар автобустар менен көчөлөрдү кыдырып, аскерге барууга милдеттүү адамдарды кармап кетип жатышат. Тункин аттуу райондон 100 адамды алып кетишти, аталган район кышка чейин 2,2 миң адамды чакырууга милдеттүү болуп турат.
Украинадагы согушка аскерлер көп тартылып жаткан аймактын бири катары Орусия Федерациясынын Бурятия Республикасы аталып жаткан. Согушта мерт болгондор арасында да буряттар көп экенин бир катар басылмалар жазып чыгышкан.
21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.
Буга байланыштуу шаршемби күнү кечинде Орусиянын 38 шаарында нааразылык акциялары өтүп, 1400 адам кармалган. Кармалгандардын көбү Москвага жана Санкт-Петербург шаарларына туура келет. Аталган шаарларда полиция митингчилерге катуу чара көрүп, аларды желим куралдар менен сабады жана тизелетип, чөгөлөттү. Кармалгандардын арасында жабыркагандар да болду. (ErN)
Дагы караңыз
Баткендеги абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдөБаткенден эвакуация болгон миңден ашуун адам Бишкекке жана Чүйгө жайгаштырылдыПрезидент Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдүОрусия “Азовдун” аскерлерин Виктор Медведчукка алмаштырдыЧек арадагы жаңжалга байланыштуу мектептерде тарбиялык сабактар өткөрүлөтМосквада мобилизацияга каршы чыккандарга аскерге чакыруу берилди