Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:33

Чек арадагы жаңжалга байланыштуу мектептерде тарбиялык сабактар өткөрүлөт


Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында атайын сабактарды өтүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. “Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйрукка ылайык, мектептерде Баткен окуяларында курман болгон аскерлерди жана жарандарды эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Билим берүү мекемелеринине “Кыргызстан Баткенден башталат!” деген темада дил баяндар, “Элдердин достугу - өлкөнүн күчү” темасында сүрөт сынагы өткөрүлөт. “Достук ритмдери” онлайн флешмобу, “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагын өткөрүү тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн жогорку жана кесиптик окуу жайларынын психолог-окутуучуларын ишке тартуу каралган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Буга чейин алар менен иш алып баруу үчүн Бишкектеги окуу жайлардан 20дан ашуун психолог Баткенге кетишкен.

Тажикстандын бийлиги 41 жараны мерт кеткенин 19-сентябрда расмий маалымдады. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 63 киши каза болгонун, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар талкаланганын жазды.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн болбой жатат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG