Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Орусия “Азовдун” аскерлерин Виктор Медведчукка алмаштырды


“Азов” полкунун командири Денис Прокопенко жана туткундан бошотулган башка аскерлер Түркияда басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат.
“Азов” полкунун командири Денис Прокопенко жана туткундан бошотулган башка аскерлер Түркияда басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат.

Орусияда туткунда жаткан 200дөн ашык аскерлер, көпчүлүгү Мариуполдогу "Азовсталь" заводун бошотууга катышкандар бошотулду. Алардын ичинде “Азов” полкунун командири Денис Прокопенко жана анын орун басары Святослав Паламар, заводдун ичинен тартылган сүрөттөрү менен таанылган жоокер Дмитрий Козацкий, Мариуполдун патрулдук полициясынын башчысы Михаил Вершинин жана башкалар бар.

“Азовчулардын” бошотулушу алмашуунун алкагында ишке ашты. Украин тарап алардын ордуна президент Владимир Путин менен жакын мамилеси бар экени айтылган орусиячыл олигарх, оппозициячыл депутат Виктор Медведчукту Москвага өткөрүп берген. Ал Украинада чыккынчылыкка айыпталып камакта жаткан.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Орусия жалпы 55 аскерди өткөрүп алганын, анын ичинде бир нече офицер бар экенин тактады. Башка маалыматтар ачыктала элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул алмашууну комментарийлеп жатып, “Азовдун" командирлери Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын арачылыгы менен бошотулганын тактады. Учурда алар Түркиянын аймагында турушат жана согуш аяктагыча ошол жакта калышат. Орусия ушундай келишим менен гана аларды алмашууга макул болгон.

Мунун алдында маек берген түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинанын 200дөй жоокери Орусиядагы туткундан бошотулганын айтып, бул келишимдер согушту бүтүрүүнү тездетерин билдирген. Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак 215 украин аскерине, Медведчукту кошкондо 55 орусиялык аскер алмашылганын ырастады.

Орусиянын бийлиги туткундардын бошотулушун жана Виктор Медведчуктун бошотулушу тууралуу маалыматты комментарийлей элек. Май айында Кремлдин өкүлдөрү Медведчук “Азовсталдын” коргоочуларына алмаштырылбай турганын жарыялашкан. Мындай позиция саясатчы Украинанын жараны болгону менен түшүндүрүлүп келген. Ошол эле маалда “Азов” полкунун аскерлери үчүн трибунал өткөрүлөрү да айтылып келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG