Казакстандын Сенаты Биринчи президенттин күнүн майрамдардын катарынан чыгарды

2022-жылдын январындагы окуялар учурунда кулатылган Нурсултан Назарбаевдин эстелиги.

Казакстандын парламентинин Сенаты 22-сентябрда тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин күнүн мамлекеттик майрамдардын катарынан чыгарууну караган өзгөртүүлөр пакетин жактырды. Мыйзам долбоорун мурдараак төмөнкү палата – Мажилис кабыл алган. Документке президент кол коюшу керек.

2011-жылдын 10-декабрында парламент “Майрамдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, 1-декабрды Биринчи президенттин күнү деп бекиткен. Депутаттар мындай чечимди өлкөнүн ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин “мамлекетке кылган кызматын көрсөтүү үчүн” кабыл алышканын айтышкан.

Назарбаев 2019-жылы кызматтан кетип, өлкөнүн саясатына таасирлүү орунду – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеп калган. 2022-жылдын январында массалык нааразылыктар баш аламандыктарга айланып, кандуу окуяга айланган учурда бул кызматын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалды.

18-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев борбор шаарды Нур-Султан деген аталыштан кайра Астана деп алмаштыруу жөнүндө Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Иш жүзүндө бул шаардын атын өзгөрткөн алтынчы чечим болуп калды. (ErN)

Дагы караңыз

Дипломаттар жана журналисттер Баткенде жабыркаган айылдарды кыдырууда "Болотко боштондук!". Журналисттин соту жылдыБолот Темировдун соту 28-сентябрда уланмай болдуЗеленский БУУнун Башкы ассамблеясында Орусияны жазалоону талап кылды"20 жыл жашаган үйүмдөн кууп чыкканы жатышат"