Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Дипломаттар жана журналисттер Баткенде жабыркаган айылдарды кыдырууда


Лейлек районунун Кулунду айылы. 2022-жылдын 16-17-сентябрында Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылышта талкаланган имараттар.
Лейлек районунун Кулунду айылы. 2022-жылдын 16-17-сентябрында Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылышта талкаланган имараттар.

Бүгүн 22-сентябрда эл аралык уюмдардын, чет мамлекеттердин өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер Баткен облусунун кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдарын кыдырып, 14-17-сентябрда болгон окуянын кесепеттерин көрүп жатышат.

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков башкы максат "Чек арага чектеш айылдарга баскынчылык менен кирип келип жай тургундардын, социалдык объектилерди талкалашканын көрсөтүү жана ал аркылуу дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирүү" деп "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Баткен. Чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер жабыркаган айылдарды кыдырууда. 2022-жылдын 22-сентябры.
Баткен. Чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер жабыркаган айылдарды кыдырууда. 2022-жылдын 22-сентябры.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арада болгон окуя тууралуу 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

Кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды. (RK)

XS
SM
MD
LG