Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:00

Болот Темировдун соту 28-сентябрда уланмай болду


Журналист Болот Темировдун сотунда. 2022-жылдын 22-сентябры.
Журналист Болот Темировдун сотунда. 2022-жылдын 22-сентябры.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланды. Кечээ тараптардын жарыш сөзү дээрлик жыйынтыкталып, бир жактоочунун гана сөзү калган. Бүгүн сот өкүмүн жарыялайт деп күтүлүп жаткан, бирок 28-сентябрда да отурум болору айтылып, бүгүнкү жараян жыйынтыкталды.

Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "мыйзамсыз маңзат сактаган" деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылууда. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин 21-сентябрдагы отурумда билдирген.

Болот Темиров өз сөзүндө күнөөсү жок экенин, документ алуудагы мыйзам бузуу тууралуу айыптоо жасалма анкетага негизделип жатканын белгилеген. Ал "Кылмыш ишиндеги томдорду көбөйтүп, каалаганды кыла берсе болот, бирок башынан коюлуп жаткан негиздеме – жалган. Анкета жасалма болгон" деп айткан.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда. Тергөөнүн материалдарында журналисттин аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага бут тосуу болуп жатканын четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. (KS)

XS
SM
MD
LG