Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит 57 жаш курагында көз жумганын маркум жетектеп келген мекемеден кабарлашты.
Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган. Ага чейин Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Британиянын Тажикстандагы, андан кийин Кыргызстандагы элчиси болгон.
Бизнес-акыйкатчы инстититуту Робин Орд-Смиттин ишкерлердин укугун коргоодогу чоң салымдарын белгилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. (ZKo)
Дагы караңыз
Батыш лидерлери Москванын Украинада пландаган референдумдарын четке кагыштыБУУнун Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы чек арадагы окуяга тынчсыздануусун билдирдиЧек арада жараат алган 137 адам ооруканада жататГутерриш чек арада мерт болгондор үчүн Садыр Жапаровго көңүл айтты Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалдын курмандыктары