Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

Чек арада жараат алган 137 адам ооруканада жатат


Эне жана баланы коргоо борбору. Баткенде жараат алган наристе. 2022-жылдын 20-сентябры.
Эне жана баланы коргоо борбору. Баткенде жараат алган наристе. 2022-жылдын 20-сентябры.

Баткендин, Бишкектин жана Оштун ооруканаларында жалпысынан 137 адам дарыланып жатат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин 20-сентябрда, түнкү саат 22:00до берген маалыматында, учурда чек арада жабыркагандардын саны Кыргызстанда 198 адамга жетти. Алардын ичинен 61и үйүнөн дарыланууга жиберилди.

Министрлик бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү экенин билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 59 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Жараат алгандар, турак жайлар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG