Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

БУУнун Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы чек арадагы окуяга тынчсыздануусун билдирди


ТИМ орун басары Айбек Молдогазиев менен БУУнун адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда
ТИМ орун басары Айбек Молдогазиев менен БУУнун адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн (УВКПЧ) башчысы Ришард Коменда менен жолугушту.

Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашкан. Молдогазиев чек аралаш аймактардагы адам өмүрүн алган соңку окуя тууралуу айтып, каза болгондордун арасында балдар да болгонун, куралдуу кагылышта 140 миңден ашуун жаран тынч аймактарга эвакуация болгонун белгилеген.

Өз кезегинде Ришард Коменда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмү Өзгөчө кырдаалдар учурунда чара көрүү боюнча координациялык топтун ишине активдүү катыша турганын айтты. Кырдаалга терең тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгилеп, чек ара маселелерин саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүү экенин белгилеген.

Ришард Коменда Баткен облусунун жабыркаган аймактарында жашоону нормалдаштыруу үчүн Кыргызстан менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 59 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Жараат алгандар, канча турак жай талкаланганы тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген жана президент Жапаров менен жеке жолугушууга даяр экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG