Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барды.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат. Мындан сырткары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Жапаровдун сапары кыргыз-тажик чек арасында катуу куралдуу кагылыш болгондон кийинки учурга туш келди.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген жана президент Жапаров менен жеке жолугушууга даяр экенин айткан.
Маалыматта Жапаров сессияда кайсы темада сөз сүйлөй турганы жазылган эмес. Ал президент катары БУУнун жыйынына алгачкы жолу катышат. Былтыр уюмдун сессиясында видео байланыш аркылуу сөз сүйлөп, тоолорду сактоо боюнча демилге көтөргөн.
Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуттук телеканалга берген маегинде Садыр Жапаров БУУнун жыйынында тоолуу өлкөлөрдөгү экологияны коргоо маселеси боюнча сөз сүйлөй турганын айткан. (КЕ)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров алдын ала эсеп боюнча Баткенде 282 объект талкаланганын билдирдиБаткенде чек арадагы соңку жаңжалда эки үй жабыркадыБаткен, Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлөтБаткенде бала бакча, мектептер азырынча ачылбайт