Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:47

Баткен, Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлөт


Баткен шаарындагы абал, 16-сентябрь.
Баткен шаарындагы абал, 16-сентябрь.

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, эки облуста болгон куралдуу кагылыштан жабыр тарткандардын, курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, жарадарлардын, турак жай жана кыймылсыз мүлкүнөн айрылгандардын укугун коргоо, жоголгон документтерди, талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү иштери Министрлер кабинетинин тийиштүү мекемелерине тапшырылат.

Министрлер кабинетине зыяндын ордун толтуруу жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн каражаттарды табуу тапшырмасы берилди.

Комиссиянын курамына Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү менен катар министрлердин орун басарлары, Баткен облусунун, Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун акимдери кирет.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 46 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 140 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG