Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Баткенде бала бакча, мектептер азырынча ачылбайт


Арка айылы куралдуу жаңжалдан кийин. 90-сентябрь, 2022-жыл.
Арка айылы куралдуу жаңжалдан кийин. 90-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта элек. Буга байланыштуу мектеп, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда түндө журналисттерге билдирди.

"Баткен облусу боюнча 28 жерде банк иштесе, анын үчөө гана иштебей турат. Калган баарына иштесин деп талап коюлган. Баткендин мэрине да тапшырма берилген, кафе-ашкана, дүкөндөр баары эртеңден тартып ишке кирсин деп тапшырма берилген. Мамлекеттик кызматкерлердин баары ишине кайтты", - деди Алимбаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен облусунда болжолдуу 282 турак жай, мектеп, бала бакчалар жана башка социалдык мекемелер жабыркаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууда Кыргызстан кеминде 59 жаранын жоготту. 19-сентябрда жалпы өлкөдө аза күтүлдү.

Куралдуу кагылыштан 183 адам жараат алып, 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка убактылуу жер которду.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы кагылышта 41 жараны мерт болгонун 19-сентябрда расмий маалымдады.

Бишкек жана Дүйшөмбү бири-бирин "куралдуу агрессияга" жол бергени үчүн айыптады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG