Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматында, укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 1-октябрдан тарта көбөйөт.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда кол койду.
"2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура кызматкерлерин кошпогондо, Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жылдык эмгек акы фондунун 80% чейин жогоруласын", - деп жазылган жарлыкта.
Маалымат президенттин сайтында жарыяланды. Президенттин бул жарлыгы Баткенде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгондон кийин чыкты. (ZKo)
Дагы караңыз
Зеленский калган аймактарды бошотууга даярдык жүрүп жатканын маалымдадыИманкулов: Баткенге кол салгандар арасында жарандык кийимчендердин курал көтөрүп жүргөнү иликтенет“Талибан” менен АКШ камактагы жарандарын алмаштырдыТашиев: Баткенде кырдаал оор жана стабилдүү Башкы прокуратура чек арадагы жаңжал боюнча кылмыш ишин козгоду Балтика өлкөлөрүнө жана Польшага орусиялык туристтердин кирүүсүнө чек коюлду