Байден Кытай Тайванга кол салса америкалык аскерлерди жөнөтө турганын жарыялады

Жо Байден.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден эгер Кытай тараптан Тайванга кол салуу болсо АКШ аралды коргой турганын кайрадан жарыялады. Бул тууралуу пикирин ал CBS америкалык телекомпаниясына курган маегинде айтты.

Байден бул боюнча мурда да кеп кылган. CBS телеканалы белгилегендей, жаңы билдирүүсү кыйла ачыгыраак болду. Журналисттин “америкалык аскерлер Тайванды коргоого түздөн-түз аралашабы?” деген суроосуна, Байден “ооба, эгер кол салуу болсо” деп жооп берди.

Америкалык президент жыл башында Токиодо келген учурда да Тайванды коргоо ыктымалдыгы жөнүндө сөз кылган. Ак үйдүн өкүлдөрү муну комментарийлеп жатып, АКШнын Тайванга карата саясаты мурдагыдай эле кала берерин түшүндүргөн. Вашингтон бир Кытай саясатын колдойт, Тайвадын көз карандысыздыгын тааныган эмес. Ошол эле маалда Бээжиндин аталган аралчага кол салуусун колдобойт.

Кытайдын бийлиги Тайванды өзүнүн аймагы катары санап, аны убактылуу бөлүнүп турган жикчил аймак катары карайт. Расмий Бээжин аралды кайра кошуу варианттарын четке какпайт. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Байдендин сөзүнө реакция кылып жатып, Бээжин “Тайвандын бөлүнүп кетүүсүн алдын алуу үчүн зарыл болгон чаралардын баарын кабыл аларын” маалымдады.

Быйыл жайда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси аралга келип кеткен. Муну Кытай кескин айыптап, ушул чөлкөмдө аскердик машыгуу өткөргөн. Андан кийин Тайван өзү да машыгуу уюштуруп, куралдуу күчтөрүнүн дараметин сынады. (ErN)

Дагы караңыз

Президент жарандарды интернеттеги чагымга алдырбоого чакырды Баткенде зыян тарткан мектептерде окууну улантууга азырынча мүмкүн эмесЖапаров: чек арада мерт болгондордун үй-бүлөсүнүн жоопкерчилигин алабызЧек ара: курман болгондордун арасынан беш кишинин тек-жайы тактала элекЧек арадагы атышууда мерт болгондордун төртөө ИИМ кызматкерлери