Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:26

Жапаров: чек арада мерт болгондордун үй-бүлөсүнүн жоопкерчилигин алабыз


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышка байланыштуу аза күтүү күнүндө билдирүү жасады. Анда мекен чегинде мерт болгон жоокерлерди баатыр деп атап, алардын эрдигин эл унутпасын айтты жана ата-энелерине таазим кылды.

"Мекен чегин коргоо – ары жооптуу, ары сыймыктуу ыйык милдет. Ошентсе да, эр жигиттерибиз эл-жеринин чегин коргоп жатып, кандары забын болгонуна ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап турат. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чепти эч ким буза албайт. Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын жоопкерчилигин алабыз. Баткен чек арасындагы кандуу кагылышууну укканда, чыдамы кеткен ар бир атуулубуз баскынчылардын мындай жоругуна кайдыгер эмес экенин билдирип чыгышты. Республиканын бүткүл аймагынан мекендештерибиз жеке демилгелери менен ар кандай жардамдарды уюштуруп, Баткенге жөнөтүшүүдө. Элибиздин мындай урагыс биримдигине таазим кылам!" - деди Жапаров.

Ал ошондой эле бардык мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, кагылышууда жер которгон жарандарга жардам берип, жай тумушту кайрай калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

"Кудайга шүгүр, казынабыз да куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу, жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет. Мындан эки эле жыл мурда армиябызда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерибиздин кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес. Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат. Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө".

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Кол салууда бери дегенде 59 адам мерт болду.

Саламаттык сактоо министрлиги куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163 болгонун билдирди.

Жаңжалдан улам чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Тажик тарапты Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду" деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

XS
SM
MD
LG