Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Президент жарандарды интернеттеги чагымга алдырбоого чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров жарандарга кайрылып, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышка байланыштуу интернеттеги чагымдарга алдырбоого чакырды. Ал 19-сентябрь аза күтүү күнүнө карата кайрылуусунда анын кесепетинен кайсы бир өлкөлөр менен алака-катышка доо кетиши ыктымалдыгын эскертти.

"Бүгүнкү күндө ок атышуу токтогону менен интернет мейкиндигинде чагымчыл сөздөр жаңырууда. Мындай чыр-чатактын чекесин кыйытып, элдин аң-сезимин бурмалоого багытталган кеп-сөздөр белгилүү бир максатта – меймандос элибиздин карым-катышта болуп, кызматташып келе жаткан өлкөлөр менен болгон мамилесин суутуп, алардын ортосуна от жагууга багытталганын эсибизден чыгарбашыбыз кажет! Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели",- деди Жапаров.

Ал ошондой эле Баткенге барууга камданып жана үндөп жаткан жарандарга да кайрылды. Анда кыргыз армиясынын чек араны коргоо күчү жетерин белгиледи.

"Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер".

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Кол салууда бери дегенде 59 адам мерт болду.

Саламаттык сактоо министрлиги куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163 болгонун билдирди.

Жаңжалдан улам чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Тажик тарапты Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду", - деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

XS
SM
MD
LG