Бишкектен Баткен менен Раззаковго жүздөн ашык дарыгер кетти

Баткендеги оорукана.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жеринен жардам берүү үчүн Баткенге 89, Раззаковго 37 дарыгер Бишкектен барганын кабарлады.

Аталган министрликтин Жарандык коргоо секторунун башкы адиси Кубанычбек Калмаматов "Азаттыкка" дарыгерлерден тышкары чек ара аймактарында жабыркаган элге психологиялык жардам көрсөтүү максатында психиатрлардын эки бригадасы барганын айтты.

17-сентябрь 11:30дагы маалыматка караганда жалпы жарадар болгондордун саны 103 адам, алардын 27си Бишкекке алынып келди. Талап кылынган операциялар жасалып, эки киши реанимацияда. Баш калаага келген жарадарлардын жетөө жаш балдар. Эң кенжеси бир жашта экенин Калмаматов билдирди.

16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болду.

Тажик бийлиги жоготуулары тууралуу расмий комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип, тажик тараптан ондой адам каза болгонун, расмий Дүйшөмбү бул маалыматты тактабай жатканын жазды.

Маалыматты башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болгон жок. (BCh)

Дагы караңыз

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулатКадамжайга 23 миңдей киши эвакуацияланды Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылдыПрезидент Жапаров чек арадагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады