Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:23

Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды


Кара-Мык айылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынан орун алган айылдардын бири. Чоң-Алай району. (архивдик сүрөт)
Кара-Мык айылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынан орун алган айылдардын бири. Чоң-Алай району. (архивдик сүрөт)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын аткылаганын маалымдады.

"Биздин чек арачылар алгач жооп катары ок атып, бирок кырдаалды курчутпоо үчүн биринчилерден болуп ок атууну токтотту", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарап 17-сентябрда таңкы саат 8:50дө Паскы-Арык аймагын, 11:15те Достук айылдарын аткылаганын, муну менен 16-сентябрдагы сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузганын маалымдады.

Тажикстандын Чек ара кызматы 17-сентябрда "Душанбе", "Сархадчи", “Лахш” тозоттору кыргыз тараптын ок атуусуна кабылганын билдиргенин "Озоди" радиосу жазып чыкты.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 16-сентябрда Чоң-Алай районунун Тажикстанга чектеш жайгашкан Жекенди айыл өкмөтүнөн 3 миңге чукул адам коопсуз жакка көчүрүлгөнүн билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен облусунда 16-сентябрдын таңында башталган ок атышуу үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптап жатат. Кыргызстан 24 адам каза таап, жүздөн ашуун адам жарадар болгонун расмий кабарлады.

Тажикстан өлгөндөр жана жарадарлар тууралуу расмий маалымат бере элек. Рейтер агенттиги күч органдарындагы булактарына таянып жети киши каза тапканын кабарласа, "Озоди" "Азия-Плюс" агенттигине шилтеме кылып ондон ашуун адам өлгөнүн жазды. Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрда ок атылып, анда да эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG